28 баланы багып алган Яшиндердин үй-бүлөсүнө каражат бөлүндү

Президент Алмазбек Атамбаев 28 баланы багып алган Яшиндердин үй-бүлөсүнө финансылык колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлдү.

Яшиндердин үй-бүлөсүнө балдар үчүн микроавтобус сатып алууга жана турмуш шарттарын жакшыртууга Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZMa)