Казакстандан кара май аткезчилиги аныкталды

Казакстандан жашыруун жол аркылуу өткөрүлүп жүргөн кара май аткезчилиги аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы Чу суусунун алдына атайын шланг төшөлүп, күйүүчү май өткөрүлүп келген. Шлангдын узундугу 1500 метр, диаметри 50 миллиметрди түзгөн. Учурда бул факт боюнча тергөө башталды. (BkA)