19-апрелде Жамбылда болгон автокырсыкта набыт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга жардам көрсөтүү үчүн Алмазбек Атамбаев президенттик фондунан 1 млн. 800 миң сом бөлүндү. Мындай буйрукка мамлекет башчысы 21-апрелде кол койду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы-Екатеринбург жолунда эки кичиунаа кагышып, он жети адам набыт кеткен, экөө ооруканада. Каза тапкандардын он алтысы Кыргызстандын жарандары болгон, арасында жаш балдар бар. Кыргызстандык жарандар отурган “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү Спринтер автоунаасы Оштон Екатеринбургга бараткан.
21-апрелде эрте менен кырсыктан каза тапкан Оринбаевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн (беш адам) сөөктөрүн туугандары үйүнө алып келишти.(ZKo)