Оторбаев: "Газпром" Кыргызстанга келгенине сыймыктанам

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев орусиялык "Газпром" ишканасы Кыргызстанга келгенине сыймыктанат жана бул тарыхый кадам болгон деп эсептейт. Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн парламентте маалымат берип жатып билдирди.

Премьердин айтымында, "Газпром" 45 миллиард сом инвестиция алып келди жана быйылтан тарта дагы 15 миллиард сом бергени жатат. Бул каражат өлкөнүн газ менен камсыз болушун 60 пайызга жеткирүүгө жумшалат.

Ал эми депутаттардын "Кыргызгаз" боюнча козголгон кылмыш иш тууралуу суроолорун жооп берип жатып Оторбаев "материалдар тиешелүү органдардын кароосунда" экенин айтты.

"Кыргызгаз" ишканасы ири карызга батып кетти деген жүйө менен кыргыз өкмөтү аны "Газпромго" былтыр 1 долларга сатып жиберген. Кыргызстандын бул чечими өлкө Орусиянын алдында экономикалык жана саясий көз карандылыгын жоготууда деген сын пикирлерди жараткан. (RK)