Караколдо Чернобыль окуясы эскерилди

Чернобыль кырсыгынын кесептин жоюуга катышып, радиациядан каза тапкандарды эскерүү бүгүн Каракол шаарында А.С. Пушкин атындагы сейил бакта өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардын тургундары жана апааттын кесепетин жоюуга катышкандар келишти.

Быйыл 26-апрелде Украинадагы Чернобыль атом электр станциясында болгон жарылууга 29 жыл толот.

20-кылымда орун алган ири кырсыктын кесепетин жоюуга Ак-Суу району жана Каракол шаарынан 104 адам катышкан. Ал эми жалпы Кыргызстандан үч миңден ашуун адам кеткен.

Чернобль ардагерлерине мамлекет тарабынан айына 700 сомдон жөлөкпул төлөнөт. (AsA)