ЕАЭБга кирген өлкөлөр менен принципиалдуу эки келишим боюнча бир пикир жоктугуна байланыштуу Кыргызстандын жаңы биримдикке расмий кирүү мөөнөтү жылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" экономика министри Темир Сариев билдирди.
- Биринчиси - кыргыз-кытай техникалык-экономикалык келишими. Ал боюнча биз кытайлардан жолдорду, ГЭСтерди салууга, жогорку чыңалуудагы зымдарды тартууга акча алмакпыз. Биз ушул жагынан жеңилдик болсо дейбиз. Экинчиси - фито-санитардык эквиваленттик система. Анткени биз аны адегенде өзүбүз таанышыбыз керек. Ошол себептен протоколдорго кол коюу кечигип жатат. Протокол даяр болбосо биздин өнөктөштөрүбүз - Орусия, Беларус, Армения жана Казакстан аны ратификациялоого жетишпей калышы мүмкүн.
Министр Сариев учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, 8-майга чейин бардык протоколдорго кол коюуга жетишип калууну көздөп жатышканын билдирди.
Өткөн жылдын 23-декабрында Москвада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлган. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9% деп аныкталган.
Анда келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-майы деп жазылган. Бул убакытка чейин бардык келишимдер ратификацияланса, чек аралар 9-майга карата ачылмак. (EzK)