Коргоо кеңеши кезектеги жыйынында өлкөнүн энергетика тармагын талкуулайт. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кеңештин отуруму 28-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөрүн кабарлады.
Жыйында тармакты өнүктүрүүнүн чаралары жана энергетикалык коопсуздук боюнча Коргоо кеңешинин мурдагы чечимдеринин аткарылышы каралат. (SE)