Непалда дагы жер силкинди

Зилзаладан кийинки көрүнүш. Непал, 25-апрель, 2015-жыл.

1900дөн ашуун адамдын өмүрүн алган зилзаладан бир күн өткөн соң, бүгүн 26-апрелде Непалда күчү 6,7 баллга жеткен дагы бир жер силкинүү болду. Анын очогу Катманду шаарынын түндүк-чыгышында, Кытай чек арасына жакын аймакта болгонун АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.

Кечеки зилзаладан Непалдагы 29 район жабыркап, жүздөгөн имараттар кыйраган. Расмий маалыматтар боюнча 4700 адам жабыркаган. Көпчүлүгү ооруканада. (SE)