Өлкөнүн түндүк-батыш аймагында нөшөр жаан жаап, катуу шамал жүрүп жатат. Табигый кырсыктан мерт кеткен 37 кишиден сырткары дагы 200 адам жарадар болгону тууралуу маалымат булактары кабарлады. Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы ооруканаларда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Бороон-чапкын жана нөшөр 26-апрелде түштөн кийин башталган. Куткаруучулар иштеп жатат.
Аймактын борбору Пешавар шаарындагы аэропортто бардык каттамдар токтотулду. (SE)