Ысык-Көлдө эл аралык туристтик жармаңке ачылат

Ысык-Көл.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 17-эл аралык туристтик жармаңке башталат. Анын алкагында көл боюндагы пансионаттар элге кызматтарын сунуштайт. Туризм департаменти жана Ысык-Көл облустук администрациясы бирге уюштуруп жаткан жармаңкеге алыскы жана жакыңкы мамлекеттердин өкүлдөрү да чакырылган. Максаты – көл боюна келүүчүлөрдүн санын өстүрүп, туризмди өнүктүрүү.

Аталган департаменттен кабарлашкандай, өткөн жылы Кыргызстанга 4 миллион турист келген. Алардын 175 миңи алыскы өлкөлөрдүн жарандары. (SE)