Баткендеги жайытка тажик жарандары мал багуусунан жаңжал чыгып кете жаздады

Кыргыз-тажик чек арасындагы жол, Баткен.

Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Сулайман Эргешов билдирди. Анын айтымында, Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу жайытка мал баккан кошуна тажик айылдарынын тургундары бул жерден өткөн таза суунун түтүгүн да малын сугаруу үчүн тешип салган. Натыйжада төрт чоң айылдан турган Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн калкы бир канча күн таза суусуз калган. Буга жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип, жаңжал чыгып кете жаздаганда гана маселе чечилип, суу түтүк калыбына келген. Айылдык депутат тажик жарандарына мал багууга райондук бийлик уруксат бергенин айтат.

Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов болсо бул сөздү мал баккан тажик жарандары таратканын, алар эч кандай уруксаты жок эле өз алдынча чыкканын белгиледи. Ошондой эле суу түтүктү тажик жарандары бузган-бузбаганы да иликтенип жатканын кошумчалады. Учурда тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында мал багуусуна бөгөт коюлуп, кырдаал чек арачылардын көзөмөлүндө.

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров болсо "Азаттыкка" бул маселе иликтенерин, райондук бийликтин жайытка уруксат берүүгө укугу жоктугун, азырынча жайыт пайдалануу боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрү келишим түзө электигин билдирди.