Одесса трагедия курмандыктарын эскерет

Одесса. 2-май, 2014-жыл

Бүгүн Одесса бир жыл мурдагы трагедиялуу окуянын курмандыктарын эскерет. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коомдук коопсуздукту Украинанын “Альфа” кызматы дагы көзөмөлдөөдө.

2014-жылы 2-майда Украинанын Одесса шаарында орусиячылар менен Киевдин жаңы бийлигинин жактоочулары кагылышкан. Жаатташкан жактар бири-бирине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, Профсоюздар үйүндө өрт чыккан. Кагылыш учурунда 46 киши набыт болгону кабарланган. Украин маалымат каражаттары дагы 48 кишинин тагдыры беймаалым экенин жазышкан болчу. (КЕ)