Сирияда авиа соккудан 50дөн ашуун киши каза болду

АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн авиа соккусунан Алеппо шаарынын түндүгүндө 52 жайкын тургун каза болду. Алардын жетөө балдар экени айтылууда. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 2-майда билдиргендей, Евфрат дарыясынын чыгыш жээгинде “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөшкөн коалициялык күчтөр жаңылыш сокку урган. 13 киши дайынсыз жоголгону кабарланууда. (КЕ)