Азамат: Алты жылда дүйнөнү багынтам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Азамат Жаналиев дүйнөлүк саякатка чыкты. Ал самолеттон башка бардык транспортту колдонмой болууда. Ага чейин Кыргызстандын жети дубанын кыдырат. Алгачкы планы боюнча Балыкчыдан Бишкекке жөө келди. Бул сапарын мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арнаган Азамат көр тирилик деп жүрүп, кийин өкүнүп калбаш үчүн максатка жетүүгө сөзсүз аракет кылгыла дейт.