Ошто мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасы өтөт

Бүгүн Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасынын расмий ачылуу аземи болот. Окуучулар спорттун алты түрү боюнча күч сынашат.

4-майдан тарта 500 чамалуу окуучу катышып жаткан спартакиада ушул жуманын аягында жыйынтыкталат. (ErN)