Психиатриялык ооруканадан качкан адам изделүүдө

Таш-Көмүр шаарындагы психиатриялык ооруканадан эки күн мурун качып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Качып кеткен жаран Сузак районунун 36 жаштагы тургуну. Ал 3-май күнү кечке жуук оорукананын айланасын тазалап жүрүп сыртка чыгып кеткен.

Эки жыл мурда Бишкектеги психиатриялык ооруканадан качкан бейтап эки кишинин өлүмүнө себепкер болгон. (SE)