Жумаева: Согушка кеткен атамды таптым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Миллиондогон өмүрдү алган Экинчи Дүйнөлүк согуштун тагы ушул күнгө чейин кете элек. Азыркыга чейин кан майданга кеткен жакындарын издеп, таппай жүргөндөр арабызда арбын. Биздин каарманыбыз Калипа Жумаева да атасы менен агасын 70 жылга чукул издеп, акыры алардын сөөгү коюлган жерди тапкан.