Британиядагы шайлоодо Консервативдүү партия жеңди

Дэвид Кэмерон Британияда дагы беш жыл премьер-министр болгону турат. 7-майда шайлоо участкаларында өткөрүлгөн экзит-полго караганда, Консервативдүү партия 650 орундуу парламентте 316 мандатты жеңди. Бул Кэмеронго башкаруучу коалицияны түзүүгө укук берет.

Оппозициячыл Жумушчу партия боолгонгондон аз – 239 гана орунду утту. "Шотландиянын күнкорсуздугу" партиясы 56 мандат алды.

Кэмерон шайлоо өнөктүгү учурунда кайра өкмөт башына келсе Британияда эки жылда Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдум өткөрүлөт деп сөз берген.