ИМдин согушкерлери байыркы Палмирага жакындоодо

Байыркы Палмиранын урандылары. Сирия. 4-январь, 1989

“Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери Сирия армиясын Дамасктын түндүк-чыгышындагы Тадмур шаарынын четиндеги өңүттөрүнөн чегиндиргени маалымдалууда. Бул оазисти ЮНЕСКО Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизген. Оазис Дамаск менен чыгыштагы Дейр ал-Зур шаарын туташтырган кан жолго чукул жайгашкан. Жакынкы Чыгыштагы эң байыркы эсептелген Палмира шаарынын калдыктары ушул аймакта.

Биздин замандын I жана II кылымдарынын ортосунда римдиктер тарабынан курулган шаардын калдыктары акыркы төрт жылдан берки согушта бир кыйла зыян тарткан. Буга чейин ИМдин согушкерлери Иракта бир нече байыркы эстелик жайларды таш-талкан кылган.