Бишкек мэриясы Энелер күнүн белгилөөдө

Бишкек шаардык мэриясы Энелер күнүн белгилеп, көп балалуу энелерге сый тамак, белектерин тартуулоодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын маалымат кызматкери Калперизат Айдарбекова кабарлады.

Иш-чарага 550 Баатыр эне жана “Эне даңкы” наамын алгандар чакырылган.

2012-жылдан тарта өлкөдө Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. (МТо)