Бишкекте бүгүн орусиялык ырчылар акысыз концерт берет

Николай Басков.

Орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында элге акысыз концерт тартуулайт. Бишкек шаардык мэриясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, кечки саат жетиде баштала турган маданий иш-чара Энелер күнүнө карата уюштурулууда. Ырчылардын чыгымы президенттин жеке фондунан төлөнөрү кабарланган.

Кыргызстанда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. (SE)