АКШда кыргыздар кантип мыйзамдашат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрү эки өлкөгө каттоо үчүн беш жылдык виза боюнча жаңы макулдашууга өткөн айда кол коюшту. 28-апрелде Вашингтондо Кыргызстанга беш жылдык визаны америкалык жубайлар асырап кеткен Эмили деген кыргыз кыз ата-энеси менен алса, Бишкекте АКШнын элчилиги жарандык активист Зейнеп Дыйкамбаевага жаңы виза берди. Эскерте кетчү нерсе – беш жылдык виза өлкөдө такай калууга жана иштөөгө уруксат бербейт. «Өңүт» программасында Кошмо Штаттарга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок мыйзамсыз жүргөн миңдеген мекендештерибиз кантип легалдашса болот деген суроого кайрылат.