Жогорку Кеңеш ЕАЭБ документтерин ратификациялоону баштайт

ЕАЭБнын саммити. Москва шаары. 8-май, 2015-жыл

Парламент шаршембидеги пленардык отурумунда Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча документтерди ратификациялоо жараянын карайт.

Ал эми документтер президенттин кароосуна июндун башында жөнөтүлмөкчү.

Быйыл 8-майда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге кол коюлган. Аны уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери ратификациялаган соң Бишкек уюмдун толук кандуу мүчөсү болот. (ZKo)