Ошто бала тарбиялоо маселеси талкууланды

Ош шаарында бала тарбиялоо көйгөйү талкууланды. 16-17-май күндөрү өткөн жыйынга вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, шаар жетекчилери жана республиканын булуң-бурчунан келген жүздөгөн мугалимдер катышты.

Мугалимдер компьютердик же телефонуна жүктөп алган түрдүү оюндар балдардын аң-сезимине өтө терс таасир тийгизип жатканын айтышты. Бала тарбиялоодо ата-эненин ролу чоң экени айтылып, аларды окутуу үчүн китептерди чыгаруу зарылчылыгы да айтылды.

Соңку кездери өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мектеп окуучуларынын арасында зомбулук, рэкет, терс адаттарга азгырык сыяктуу көрүнүш байкалууда.(ErN).