Табылды Эгембердиевдин сөөгү жерге берилди

Табылды Эгембердиев 16-май күнү, 64 жаш курагында, узакка созулган оорудан дүйнө салды.

Ал 1992-жылы иниси менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этнокомплекстерин түптөгөн.

1990-жылдардын башында коомдук-саясий турмушка активдүү аралaшып, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздөөгө катышып, өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө зор салым кошкон.