Казакстанда өлгөн жейрендердин саны 20 миңге чукулдады

Өлгөн жейрен чаарчыгы менен.Кустанай облусунун Жолоба району. 20-май 2015

Кустанай облусунда 19-майга карата жут алган 19231 жейрендин сөөгү өртөлгөнүн Чукул кырдаалдар министрлиги маалымдады. Коңшулаш Актөбө облусунун бийликтеринин 20-майда билдиришинче, Иргиз-Торгой табият коругунда өлгөн 68 жейрен табылган. Айыл чарба министрлиги жейрендердин жапырт өлүүсү узак кышта жаныбарлардын кыйналганына жана жугуштуу ооруларга чалдыкканына байланыштуу болсо керек деп боолгойт.