Байыркы Палмира "Ислам мамлекетинин" колуна өттү

Байыркы Пальмиранын жалпы көрүнүшү. 19-май 2015

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушчандары байыркы Пальмира шаарын толук басып алды. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдун 21-майда билдиришинче, өкмөттүк күчтөр шаардагы жана анын тегерегиндеги өңүттөрүн, жергиликтүү түрмөнү калтырып кетишти.

Акыркы салгылашууда өкмөттүк күчтөр 100гө жакын жоокерин жоготкон.

Палмира 1-2-кылымдарда Рим империясы башкарып турганда курулган шаар. Байыркы шаардын сакталып калган бөлүгүн ЮНЕСКО дүйнөлүк маданий дөөлөт деп жарыялаган. Жихадчылар Иракта бир нече көөнө археологиялык жайды жана байыркы эстеликтерди талкалап салышкан.