Парламентте “чет элдик агенттер” боюнча мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңештин депутаттары ушу тапта бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо. Аны Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев жана “Ата Журт” фракциясынан депутат Надира Нарматова демилгелеген. Документте уюмду каржылоо сырттан болуп, ал саясий ишмердүүлүк менен алектенген учурда чет элдик агент катары таанылары каралган.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, долбоор мамлекеттин коопсуздугун жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга багытталган. Бирок бир катар депутаттар бул мыйзам долбоор Конституцияга каршы келерин белгилеп жатат.

Буга чейин Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Кыргызстандын “чет элдик агенттер” боюнча мыйзам долбоору адам укугун коргоочу топтордун ишмердигине терс таасир этиши мүмкүн деп аны кайра карап чыгууга үндөгөн. (BkA)