29-майда ФИФАнын президентин шайлоо болот

ФИФАнын президенттигине талапкерлер Йозеф Блаттер менен Абу аль-Хусейин

29-майда Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын президентин шайлоо болот.  Добуш берүү федерациянын кечээ башталган 65-конгрессинин алкагында болот. Президенттикке ФИФАнын азыркы башчысы, бешинчи жолу ат салышып жаткан 79 жаштагы Йозеф Блаттер жана иорданиялык принц Али аль-Хусейин катышууда.

Шайлоо ФИФАнын тарыхындагы ири коррупциялык чатак учурунда өтүүдө. Шаршемби эртең менен Цюрихте федерациянын бир канча жогорку кызматкерлери камакка алынганы тууралуу маалымат чыккан.

Швейцариянын Башкы прокуратурасы 2018 жана 2022-жылдары футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтчү өлкөлөрдү тандоодо коррупциялык аракеттерге шектелген тараптарга кылмыш ишин козгоду. Бул жылдары дүйнө чемпионатын өткөрүүгө Орусия менен Катар тандалган болчу.