Сариев ЕАЭБ келишимдерин тездетүүнү өтүндү

Евразия өкмөт аралык жыйынына катышып жаткан кыргыз премьер-министри Темир Сариев Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө колдоо көрсөткөнү үчүн уюм мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал келишимдерди парламенттер жайкы эс алууга тараганга чейин ратификациялап берүүнү өтүндү.

Мындан сырткары кыргыз өкмөтүнүн башчысы биримдиктин стандарттарына ылайык бажы, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык проблемаларды жоюуга, чек араларды ачууга бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Бул үчүн оперативдүү штаб түзүлгөнүн кабарлады.

Кыргыз парламенти ЕАЭБ келишимдерин 20-майда ратификациялап, 21-майда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул документтер толук кандуу иштеши үчүн уюмдун бардык мүчөлөрүндө ратификацияланышы керек.

Кыргызстандын биримдикке кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол коюлган. ЕАЭБге Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армения мүчө. (KE)