Кылычбек Арпачиевдин соту 8-июнга белгиленди

Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы, пара алды деген шек менен кармалган Кылычбек Арпачиевдин алгачкы соту 8-июнга белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты.

Кылычбек Арпачиев козголгон кылмыш ишин жаап берүү үчүн Кубанычбек Самаков аттуу ишкерден 100 миң доллар алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. (МТо)