Парламентке өтүү босогосу 2% жогорулады

Саясий партиялардын парламентке келишин шарттаган республикалык шайлоо босогосу 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүлдү.

Бул боюнча Феликс Кулов демилгелеген “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо боюнча” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Ал эми аймактык босого тескерисинче төмөндөтүлүп, 0,7 пайыздан 0,5% пайызга түшүрүлдү.

Мурдараак Кулов Жогорку Кеңешке өтүү босогосун добуш берген жарандардын 10 пайызына чейин көтөрүүнү сунуштап, бирок ал колдоо тапкан эмес.(МТо)