БУУнун Коопсуздук кеңеши Украинадагы кырдаал боюнча чукул жыйын курат

Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Украинадагы соңку кырдаал боюнча чукул жыйын курат. Украина чыгышындагы Марьинка шаарында 3-июндан бери абал кайрадан курчуган. Орусиячыл жикчилдер менен болгон атышууда беш украин аскери каза таап, 39у жаракат алган.

Украинанын президенти Петро Порошенко 4-июнда парламенттеги баяндамасында өлкө чыгышында жикчилдер тарабынан ири масштабдуу кол салуулар болот деп эскерткен. Февралда жетишилген ок атышпоо тууралуу Минск келишиминен кийинки эң ири атышуулар Марьинкада орун алды.