Кургак учукту дарылоо борборунда абал оор

Улуттук фтизиатрия борборунун эскирген бөлмөлөрү Кыргызстандын булуң-бурчунан келген бейтаптарга толгон. Жылына эки жарым миң жаран кайрылат. Анын 700үнө операция жасалат.  

Орун жетишпегендиктен жедеп эскилиги жеткен керебеттерде жатып дарыланышат.

Шарты жок бөлмөлөрдө дарылангандар сууга зар. Эки-үч айлап дарылангандар жуунганга эмес, чай кайнатканга суу таба алышпайт. Көпчүлүгү үйлөрүнөн бөтөлкөлөргө суу алып келип палаталарга тизип коюшкан.

Борборду оңдоо иштери болсо качан ишке ашат белгисиз. Дарыгерлердин айтымында, бюджеттин көлөмүнө Улуттук фтизиатрияны оңдоо мүмкүн болбогондуктан Германиянын өнүктүрүү банкына кайрылышкан.

Башкы дарыгер үч маал берилип жаткан тамак-аштын рациону бөлүнгөн каражатка байланыштуу экенин айтат. Жылына сарпталган 9 миллион сомго керектүү азыктар сатылып алынууда. 

Кургак учук, СПИД жана малярия менен күрөшүү Глобалдык фонду былтыр 12 миллион сомго дары-дармек менен камсыздаган. Керектүү медициналык жардам алып жатканы менен ийнеден баштап операцияларга чейин акча төлөп жатканын айтышат айрым бейтаптар.