Азия чемпионатынан бишкектик спортчулар олжолуу кайтышты

С. Жуманазаров атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн атайын олимпиадалык резерв мектебинин окуучусу Дарья Маслова коло медалдын ээси болду. Ал 5000 метр аралыкты 15 мүнөт 42 секундда чуркап өткөн.

Азия чемпионаты Кытайдын Ухань шаарында 4-8-июнь күндөрү өттү. Бул туурасында шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. (AzK)