Бишкекте Пан Ги Мундун катышуусунда конференция башталды

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Бириккен улуттар уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мундун катышуусунда конференция башталды. “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” деген аталыштагы эл аралык жыйынга президент Алмазбек Атамбаев, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган расмийлер катышып жатат.

Пан Ги Мун Кыргызстанга 10-июндун түнүндө келген. Ал бийлик жетекчилери менен жолугат жана беш жыл мурда коогалаңды баштан өткөргөн Ош менен таанышат. БУУнун Баш катчысы бир жума аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. (UEz)