Арменияда орус аскеринин сөөгү табылды

Армениянын Гюмри шаарындагы Орусиянын аскер базасы жайгашкан аймакта бир канча жолу бычакталган орус аскеринин сөөгү табылды. Анын өлүмүнө чогуу кызмат кылган аскер шектелип жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Армениянын тергөө комитетинин маалымат катчысы Сона Трузян жоокердин сөөгү Гюмри шаарындагы "Армения энеси" эстелигинен анча алыс эмес жерде, Орусиянын 102-аскер базасы жайгашкан жерде табылганын 15-июнда билдирди.

Гюмри Армениядагы экинчи чоң шаар. Быйыл жыл башында аталган шаардагы орус аскер базасында кызмат кылган Валерий Пермяков калаадагы бир үй-бүлөнүн жети мүчөсүн өлтүргөн деп шектелип, ал 13-январда армян-түрк чек арасында кармалып, кылмышты мойнуна алган. Кол салууга каршы Ереванда жана Гюмри шаарында нааразылык акциялары өтүп, демонстранттар шектүү кылмышкерди Армениянын карамагына өткөрүп берүүнү талап кылышкан эле.