Футбол: коомдук тартипти 2 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондө өтө турган Кыргызстан-Австралия футболдук матчы маалында коомдук тартипти камсыздоого эки миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Тартип сакчылары футбол күйөрмандарын бири-бирине толеранттуу мамиле жасап, коомдук тартипти бузбоого чакырышат.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Австралиянын футболчулары менен беттешет. Оюн кечки саат сегизде башталат. (ZMa)