Кыргызстандын футбол федерациясы Кыргызстан-Австралия оюнунун түз чагылдырып бергени үчүн 68 миң АКШ долларын төлөдү.
Бул туурасында Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиев билдирди. Оюнду Орусиянын “Панорама HD” компаниясы түз көрсөтүп берген. Белгилей кетсек, компания 2014-жылдагы Сочидеги Олимпиада оюндарынын расмий чагылдыруучусу болгон. “Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын Футбол федерациясы ири масштабдагы түз көрсөтүүнү уюштурду. Аны менен чогуу бардык кеткен чыгашаны мамлекет эмес, Футбол федерациясы каржылады”, – деди Кадыралиев. Жалпысынан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго 11 видеокамера орнотулуп, КТРК жана Fox sports каналынын Австралиядагы бөлүмү оюнду көрсөттү. (SDz)