Күзүндө пенсия төлөмү жогорулайт

Бул туралуу кечээ, 18-июнда өткөн өкмөттүн жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев маалымдады. Анын айтымында, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта эркектердин 40 аялдардын 35 жылдан ашык эмгек стажысы болсо 500 сомго жогорлатуу каралган. Ошондой эле 1-топтогу майып пенсионерлердин дагы акчасы 500 сомго көтөрүлөт.

Жыйында өкмөт пенсияларды жогорулатуу боюнча токтом долбоорун колдоду. Эми бул үчүн Пенсиялык фонддон кошмча 845 миллион сом керек болот. (TSh)