ФИФА Кыргызстандын футбол федерациясына чара колдонушу мүмкүн

2018 - жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарында күйөрман оюн талаасына чыгып кеткендиги үчүн Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Кыргызстандын футбол федерациясына чара колдонушу мүмкүн.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаевдин айтымында, айыптын түрү азырынча белгисиз. Эң азы акчалай айып болушу ыктымал.

“Миң доллар же 10 миң доллар болору оюндун комиссарынын жана башкы калыстын берген отчетуна жараша ФИФА чечим кабыл алгандан кийин белгилүү болот. Андан сырткары күйөрмандарсыз же бейтарап талаада ойнотуп жазалашы мүмкүн”, - дейт Дастан Конокбаев.

Эске салсак, 16-июнь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болгон Кыргызстан менен Австралия курамаларынын беттешинде Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз гол киргенден кийин оюн таласына көрүүчүлөрдүн бири чуркап чыккан. Анын артынан футбол федерациясынын өкүлдөрү жана коопсуздук кызматкерлери кууп жетип оюн талаасынан сыртка алып чыгып кетишкен. Бул күнү беттеш 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктаган. (ECh/TSh)