Кабулдагы чабуулдан эки жайкын тургун мерт кетти

Бүгүн ооган парламентине талиб согушкерлери чабуул жасаган. Полиция маалыматына караганда, парламент имаратынын жанында жанкечти миналанган машинесин жардырып, ага удаа согушкерлер имаратка кирип келген. Коопсуздук күчтөрү сүрүп чыкканда, согушкерлер жанаша турган курулуп бүтө элек имаратка жашырынган. Эки саатка созулган атышууда алты согушкер тең жок кылынды. Ошол эле учурда эки жайкын тургун мерт болду, анын бири жаш бала. Мындан сырткары дагы 30 чакты адам жаракат алды, алардын арасында беш аял жана бир жаш бала бар.

Бул чабуул депутаттар коргоо министрлигине жаңы талапкер сунуштаганы жатканда жасалды. Чабуул үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өзүнө алды.