Пакистанда ысыктан 250 чакты киши өлдү

Аптаптан качкан пакистандыктар мечиттерге кирип баш калкалашууда. Карачи. 22-июнь, 2015-жыл

Дагы жүздөгөн адамдар ооруканаларга жеткирилди. Эң көп жабыркаган аймак 20 млн. кишиси бар Карачи шаары болгону айтылууда, бул шаарда ысыктын күчү 45 градуска чейин көтөрүлүп жатат.

Ысыкты көтөрө албай каза болгондордун көпчүлүгү улгайган адамдар. Карачидеги кырдаал электр энергиясынын үзгүлтүккө учуроосу менен ансайын оорлоп жатканы кабарланды.

Апрель-май айларында ушундай эле ысыктан коңшулаш Индияда 2,5 миңге жакын киши набыт болгон.