24-27-июнда Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болот. Синоптиктердин кабарлашынча, маал-маалы менен нөшөр жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
Кээ бир райондордо батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.
25-июндан 27-июнга чейин абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 23…28°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 15…20°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болот.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.