Сириялык күрттөр Ракка шаарын «Ислам мамлекети» тобунан тартып алды

Сириялык күрттөрдүн аскерий бирикмеси - “Элдик өзүн-өзү коргонуу комитети” (YPG) кабарлагандай, алардын аскерлери «Ислам мамлекети» террорчул тобунун согушкерлерин сүрүп чыгарып, Ракка шаарын толугу менен ээлешти. «Ислам мамлекети» тобу бир жылдан бери ээлеп жаткан, алардын негизги ордосу саналган Ракка шаарына күрттөр АКШ баштаган чет элдик аба күчтөрүнүн жардамы менен алууга жетишти.

Бир апта мурдараак сириялык күрттөр ушул эле провинциядагы Айн-Исса жана Тел-Абьяд шаарларынан да ИМ тобун сүрүп чыгарган.

Күрт аскерлеринин өкүлү Рами Абдуррахмандын айтымында, алардын «бул жеңиши «Ислам мамлекети» тобу кыйроого учурап жатканын» түшүндүрөт. Анткени бул шаарларды жоготуу менен «Ислам мамлекети» террорчул тобу Түркия менен катташып туруучу негизги жолдорунан айрылды. (ErN)