Премьер-министр Элвира Сариевага эскертүү берди

Элвира Сариева.

Премьер-министр Темир Сариев мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерине сөгүш берди.

26-июнь күнү өкмөттүн жыйынында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы үч мектеп окуучусунун өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага, Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуевге сөгүш жарыяланды. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариевага эскертүү берип, Ала-Бука райондук билим берүү башкармалыгы жана Жалал-Абад облустук жол кайгуул кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо маселесин койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

16-июнда Бишкекте футбол боюнча өткөн Кыргызстан-Австралия беттешинде кетирген кемчиликтери үчүн Дене тарбия жана спорт агенттигинин төрагасы Кадырбек Эргешовго да сөгүш жарыяланды. Аталган оюнда миңдеген көрөмандар колунда билети туруп стадионго кире албай калган болчу. (SE)