Нарында турак-үйлөрдүн короосун сел каптады

Катуу жааган жамгырдан улам 27-июнда кечинде Нарын районунун Жерге-Тал айылында беш турак-үйдүн короосун суу каптады. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жана ыкчам топ тактоо иштерин жүргүзүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

26-июнда Ак-Талаа районунда да жарым саатка созулган мөндүр аралаш жаандан Байгөнчөк каналынан суу ташып, Үгүт айыл аймагындагы бир үйдүн короосун жана айдоо аянттарын суу баскан. Натыйжада 6 гектардан ашуун буудай-арпа аянты жараксыз абалга кептелген. 100 гектардан ашуун табигый чөп аянты зыянга учураган. Андан келтирилген зыян 386 миң 816 сомду туздү. (SE)