Мөңгүлөрдү сактоо боюнча митинг өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Жаңы муун” кыймылы Ак үй алдына чыгып, мөңгүлөрдү сактоо боюнча митинг өткөрүүдө. Акциянын катышуучулары митинг мөөнөтсүз болоорун билдирүүдө. Эколог Калия Молдогазиеванын айтымында, эгер Суу кодексине өзгөртүү киргизилсе, анын мөңгүлөр үчүн кесепети оор болот. Ал кендин өзүндө өзгөчө кырдаал жарыялап туруп, маселени жеринде чечүү зарылдыгын билдирүүдө. Жогорку Кеңеш өткөн жумада Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Аны 52 депутат колдоп, 39у каршы добуш берген.