Британияда күн кескин ысыды

Синоптиктер жарандарды түшкү убакытта сыртка чыкпоого чакырды.

Британиялык синоптиктер 1-июлду быйылкы эсепте эң ысык күн деп аташты. Баш калаа Лондондо шаршембиде абанын температурасы 38 градуска чейин көтөрүлдү. Мындай аба ырайы акыркы жолу 2006-жылы катталган. Дарыгерлер түшкү убакытта адамдарды сыртка чыкпоого чакырды.

Париж менен Мадридде да ушундай ысык болгону кабарланууда.

Европанын ным климатынан улам температура 37 градустан ашканда аномалдык ысык катары айтылат. (SE)