Бишкектеги Кожомкул атындагы ордодо бүгүн Кыргызстандагы спорт журналисттеринин алгачкы форуму өтөт. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, анда тармакка байланыштуу маселелер, спорт журналистикасынын күңгөй-тескейи талкууланат. Мыктыларга сыйлык тапшырылат.
Андан соң журналисттер Ысык-Көлгө жөнөшөт. Ал жакта кабарчылар арасында өз ара мелдештер уюштурулат.
Жыл сайын 2-июлда дүйнөдө спорт журналисттеринин эл аралык күнү белгиленет. (ECh)